ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада өткөн тегерек столдо Ден-соолуктун коомдук комитеттеринин иштери талкууланды

Баш калаада болуп өткөн тегерек столдо Ден-соолуктун коомдук комитеттеринин шаардын жаңы конуштарында 2013-жылдагы аткарган иштери жана 2014-жылда алдыга койгон  иш-чаралары талкууланды.

Иш-чараны шаардык ден-соолукту чыңдоо борбору уюштурду. Тегерек столдун ишине Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлү Л.Мухамедшина, Саламаттык сактоо департаментинин директору А.Мурзалиев, РДЧБ директору А.Айтмурзаева райондук администрациянын жана Бишкек шаардык ҮДБнун өкүлдөрү катышты.



Иш-чаранын жүрүшүндө  Ден-соолуктун коомдук комитеттеринин иштери жана калкка маалымат берүү маселелери талкууланды.

Аталган комиттеттер Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен Саламаттык сактоо департаменти тарабынан түзүлгөн жана учурда шаардын 35 жаңы конушунда 500 активистти камтыган 31 комитет иш алып барууда.