ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматы Свердлов районундагы соода павильондорун текшерип чыкты

Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматы тарабынан кезектеги санитардык рейд уюштурулуп, Свердлов районундагы соода павильондорун текшерип чыкты.

Рейддин жүрүшүндө Токтогул көчөсү, 37 дарегинде жайгашкан “Сезим”, Токтогул көчөсү, 56 дарегинде жайгашкан “Таалай”, Чыгыш-5 кичи районунда жана “Улар” базарында жайгашкан соода павильондорунда санитардык талаптар аткарылбастан, эрежелерди бузуу фактылары катталды.



Текшерилген соода павильондорунда тазалыкты камсыз кылуу, объекттердин айланасын кардан, муздан тазалоо иштери аткарылбайт. Мисалы, “Таалай” павильону сугат тармактарынын үстүнө жайгаштырылган. “Улар” базарындагы соода түйүнү таштандыларды баш аламандыкта жыюуга жол берген.

Рейддин жыйынтыгында соода павильондорунун ээлеринин атына КР “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488-489-беренелерине ылайык  протоколдор түзүлүп, чара колдонуу максатында Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.