ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь райондук администрация башчысы “Асанбай” жана 11-кичи райондун тургундары менен жолугушту

Октябрь райондук администрация башчысы К.Токтосартов “Асанбай” жана 11-кичи райондордун тургундары менен жоукту. Жолугушууда  кичи райондорду жакшыртуунун жолдору каралды.

Жолугушууга Октябрь районунун шаардык кызматтарынын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, “Бишкекбашкыархитектура”, “Тазалык”, “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканаларынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.



Жолугушуунун жүрүшүндө районду көрктөндүрүү, тышкы жарыктандыруу, сугат тармактарын оңдоо, бактарды санитардык бутоо, мыйзамсыз орнотулган соода павильондорун алуу ж.б. маселелер талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында райондун тургундары көтөргөн маселелер жана сунуштар аткаруу үчүн кабыл алынды.