ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарында 28 Ленинград блокадачылары жашайт

“Учурда Кыргызстан блокадачылар коомунда 35 адам турат, алардын 28 Бишкек шаарында  ал эми  7 республиканын башка аймактарында жашашат”- деди Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Усубакунова 24-январда өткөн маалымат жыйынында.

Бүгүнкү күндө блокадачыларга Бишкек шаарынын мэриясы социалдык жардамдарды көрсөтүп турат. Аларга: бир жолку материалдык жардамдар, 1200 сом өлчөмүндөгү квартал сайын берилүүчү стипендия, коомдук транспортто акысыз жүрүү укугу кирет деп кошумчалады вице-мэр.

Ленинград блокадасынын толук алынгандыгынын 70 жылдыгына карата баш калаада 26-27-январда иш-чаралар уюштурулат.


Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” паркында эскерүү-митинги өткөрүлөт.

26-январда  Ч.Айтматов атындагы улуттук орус драма театрынын фойесинде саат 16-30да КР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, блокаданын катышуучусу Иван Соловьевдун сүрөт көргөзмөсү ачылат.

Ушул эле театрда 26-27-январда саат 16-30да, 29-январда саат 18-00до Россиянын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен коюлган “Өлгүм келбейт” спектакли көрсөтүлөт.