ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада грек-рим күрөшү боюнча Бишкек шаарынын ачык биринчилиги өткөрүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 31-январынан 1-февралына чейин 1997-1999-жылы туулган кадеттердин арасында грек-рим күрөшү боюнча Бишкек шаарынын ачык биринчилиги өткөрүлөт.

Мелдештер 42, 46, 50, 54, 58, 63, 69, 76, 85 жана 100 кг салмактык категорияларда өткөрүлөт жана 31-январда Свердлов райондук Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинин залында саат 9-00до башталат.



Мелдештер Кыргызстандын кадеттер арасында биринчилигине Бишкек шаарынын курама командасынын мүчөлөрүн тандоо, грек-рим күрөшүн пропагандалоо, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлмөкчү.

Биринчиликти уюштурууга жумшалуучу каражаттарды Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети каржылайт