ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Өтүп жаткан “Кароосуздар” рейдинин жүрүшүндө Биринчи май районундагы чарба субъекттери текшерилди

Шаарда кароосуз жүрүшкөн өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, балдарды оор эмгекке чегерүүнүн алдын алуу максатында “Кароосуздар” рейди өткөрүлүп, Биринчи май районундагы чарба субъекттери текшерилди.

Рейдди Биринчи май райондук администрациясы Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, Билим берүү борбору жана Биринчи май РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте өткөрдү.
 
Рейддин жүрүшүндө райондогу компьютердик клубдардан 8 өспүрүм кармалды. Балдар КР ИИМнин Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу борборуна жеткирилип, ал жерде ата-энелер менен маек жүргүзүлдү.
 
Биринчи май райондук администрациясы мындан ары да бул багыттагы иштерди жүргүзүүнү күчөтмөкчү.