ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Өткөрүлгөн “Кароосуздар” рейдинин жыйынтыгы боюнча кайыр тилеген жана оор жумуштарга чегерилген өспүрүмдөр катталды

Бүгүн шаардын ири соода түйүндөрүндө жана базарларында “Кароосуздар” рейди өткөрүлдү. Рейддин жыйынтыгы боюнча кайыр тилеген жана оор жумуштарга чегерилген өспүрүмдөр катталды.

Мисалы, Ош базарынын айланасынан эки саатка жетпеген убакытта 53 бала кармалды. Негизинен алар айыл жерлеринен келишкендер. 15 баладан турган топ өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу борборуна жиберилди. Калган өспүрүмдөр жашаган даректери боюнча ата-энелеринин көзөмөлүнө жөнөтүлдү.