ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаарда кароосуз калган балдарды аныктоо боюнча атайын рейд өткөрүлүүдө

Бүгүн, 21-январда шаардын Ош, Дордой, Аламүдүн базарларында, жер алдынан өтмөлөрдө, жылуулук трассаларында “Кароосуздар” рейди өткөрүлүүдө.

Рейдге Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү органдарынын 28 кызматкери катышууда.



Рейддик топко социалдык өнүктүрүү тармактарынан юристтер, калыптандыруу борборлорунун психологдору жана башка социалдык кызматкерлер киришти.

Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Замирбек Абылаевдин билдирүүсү боюнча, аталган категориядагы аныкталган балдарды жана өспүрүмдөрдү балдардын атайын мекемелерине, борборлоруна жайгаштыруу жөнүндө көрсөтмө берилди.