ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада светофорлого үн коштоочу каражаттарды жана жөө жүргүнчүлөр үчүн кошумча светофорлорду орнотуу иштери улантылууда

Шаардын жол кесилиштериндеги светофорлого үн коштоочу каражаттарды жана жөө жүргүнчүлөр үчүн кошумча светофорлорду орнотуу иштери улантылууда. Бул иш-чаралар ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жана көрүүсү начар адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында аткарылууда.

Азыркы учурда аталган иш-чаралар шаардын төмөнкү көчөлөрүнүн кесилиштеринде жүргүзүлүп жатат:



- Манас проспектти – Бөкөмбаев көчөсү,
- Юнусалиев көчөсү - Сухэ-Батор көчөсү,
- Жибек-Жолу проспектти –  Москва көчөсү,
- Жибек-Жолу проспектти – Исанов көчөсү,
- Жибек-Жолу проспектти – Тоголок Молдо көчөсү,
- Фучик көчөсү-Москва көчөсү,
- Панфилов көчөсү – Бөкөнбаев көчөсү.

Жолдордун жети кесилишине “Азиз жөө жүргүнчүлөр” жол белгиси орнотулду.