ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын СЭИ кызматы өткөн жылы 5 269 чарба субьекттерин текшерген

Шаардан кургак таштандыларды чыгаруу боюнча санитардык-экологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу максатында 2013-жылдын 10 ай ичинде СЭИ кызматы тарабынан 5 269 чарба субьектти текшерилип, 4 029 жазуу жүзүндөгү эскертүүлөр берилген. Алардын ичинен кургак таштандыларды чыгаруу тууралуу келишимдер боюнча – 1082, таштандыларды баш аламандыкта жыйноону жоюу боюнча – 143, шаарды көрктөндүрүү боюнча – 2363 эскертүүлөр берилген.

Ошондой эле СЭИ кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен кургак таштандыларды чыгаруу боюнча 13708,3 миң сомго, алардын ичинен жаңыдан ишке киришкен субьекттер менен 3381,5 миң сомго келишимдер түзүлгөн.



Шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн көрсөтүлгөн мөөнөттө 1555 протокол түзүлүп, 656 материал каралып чыккан. Натыйжада райондук административдик комиссиялар тарабынан 1413,4 миң сом өлчөмүндө айыптар тартылган.