26-27-январда баш калаада Ленинград блокадасынын 70 жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары өткөрүлөт
- Подробности
- Опубликовано 17.01.2014 13:59
Үстүбүздөгү жылдын 26-27-январында Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинин, Россия кызматташтыгынын өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Ч.Айтматов атындагы драма театрында “Блокада” спектакли коюлат.
Спектакль башталардан мурун театрдын фойесинде Кыргызстан блокадачылар коомунун 20 жылдыгына арналган “Бизге 20 жыл” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү уюштурулат жана блокаданын катышуучусу, бишкектик сүрөтчү Иван Соловьевдун сүрөттөрүнүн экспозициясы көргөзүлөт.
Ал эми 27-январда Ленинград шаарынын блокададан бошотулгандыгына 70 жыл толгон күнү Ленинград блокадачыларынын эстелигинин жанында эскерүү митинги өткөрүлөт. 1941 – 1944-жылдардагы Ленинград шаары үчүн баскынчылар менен салгылашуу –Кыргызстандын жана Россиянын жалпы тарыхы.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
09.12.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |