ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасы шаар жолдорун жана тротуарларды кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө

Кардын калың жаашына байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасы шаар жолдорун жана тротуарларды тазалоо иштерин 16-январда саат 18-30да баштады.

16-январдан 17-январга караган түнү шаар жолдоруна 536 тонна кум жана 46 тонна туз себилди.



Жолдорду кардан тазалоо иштерине атайын техникалардын 32 бирдиги чегерилип, 521 жумушчу иштешүүдө.

Ленин районунда – 119, Октябрь районунда – 97, Биринчи май районунда – 176 жана Свердлов районунда – 132 жумушчу иштешүүдө.