ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Өткөн жылы шаардын Свердлов районунда жеңилдетилген түрдөгү 103 ОБЪЕКТ бузулду

Өткөн жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясы райондо жайгашкан 103 жеңилдетилген түрдөгү обьектти бузду.

Бул максатта атайын рейддер райондогу жаңы конуштарда, “Аламүдүн – 1” кичи районунда, Абдрахманов, Түгөлбай Ата, Курманжан Датка көчөлөрүндө өткөрүлдү.


Негизинен уруксатсыз орнотулган соода павильондору бузулду. Жаңы 2014-жылы бул багытта иштер улантылат.  Шаар жолдорун реконструкциялап, оңдоодон өткөрүү иштери жүргүзлө тургандыгына байланыштуу: Орозбеков, Ауэзов көчөсүнүн Жибек Жолу проспектине чейинки бөлүгүндө, Лермонтов көчөсүнүн  Жибек Жолу проспектинен Чүй проспектине чейинки бөлүгүндө, Жибек Жолу проспектинин Лермонтов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жалпысынан 194 обьектти  бузуу белгиленүүдө.