ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын вице-мэри А.Усубакунова шаардык төрөт үйүндө болуп, үч балалуу энени куттуктады

Жаш эне 30-декабрдан 8-январга чейин реанимация бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болду жана жалпы палатага которулгандан кийин бүгүн Бишкек шаарынын вице-мэри А.Усубакунова, Саламаттык сактоо департаментинин директору А.Мурзалиев, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы З.Абылаев  шаардык төрөт үйүндө болушту жана Молдотаева Бактыгүлдү куттукташып, наристелерге белектерди тапшырышты.

Наристелердин улуусу 30-декабрда саат 14-58де төрүлүп, салмагы 2 кг 200 г, бою 42 см, экинчи наристе чарчап калган, үчүнчүсү саат 15-00до төрөлүп, салмагы 1 кг 750 г, бою 38 см, төртүнчүсү саат 15-01де төрөлүп, салмагы 2 кг. 309 г, бою 45 см болуп катталды.

Дарыгерлердин аракеттеринин натыйжасында наристелердин өсүүсү нормалдуу. Эки наристе энеси менен палатада, ал эми үчүнчүсү интенсивдүү терапия палатасында дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Молдотаева Бактыгүл төрөгөнгө чейин жашаган дареги боюнча ҮДБнун дарыгерлеринин көзөмөлүндө болуп келген.