ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ала-Арча суусундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында атайын техникалардын 5 бирдиги жана 3 000 кап кум даярдалды

2013-жылдын 20-декабрынан тартып, кардын жаашына жана абанын температурасынын муздашына байланыштуу Ала-Арча суусунун агымын көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынан маалымдашты.

Шаарды аралап өткөн Ала-Арча суусунун узундугу 12 км. түзөт. Суу агымынын  кооптуу деп эсептелген жерлери Жибек Жолу проспектинде, Рыскулов жана Малдыбаев көчөлөрүндө жайгашкан.



Өткөн жылдын жай айларында баш калаанын мэриясы тарабынан суу каналын тазалоо боюнча иш-чаралар иштелип чыккан жана тазалоо иштерине шаардык кызматтардын баардыгы катышкан.

Бүгүнкү күнү Ала-Арча суусундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында атайын техникалардын 5 бирдиги жана 3 000 кап кум даярдалды.

“Тазалык” жана “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканаларында 1 000 кап, шаардын төрт районунда 500 каптан кум даярдалды.

Азыркы учурда суунун агымын көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар улантылууда.