ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

×

Предупреждение

Не удалось загрузить XML-файл
Opening and ending tag mismatch: hr line 5 and body
Opening and ending tag mismatch: body line 5 and html
EndTag: '
×

Ошибка

nbRatesHelper::loadRates(): Invalid server response

Социалдык коргоо министри жана Октябрь райондук администрация башчысы Онкология жана радиология борборунун балдар бөлүмүндө болушат

Үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Социалдык коргоо министри К.Базарбаев жана Октябрь райондук администрация башчысы К.Токтосартов Онкология жана радиология борборунун балдар бөлүмүндө болушат.

Борбордун балдар бөлүмүндө 50 бала дарыланууда. Алар республиканын алыскы региондорунан келишип, узак мөөнөткө дарылануудан өтүшөт. Балдар үчүн “Шайыр балалык” чыгармачылык борборунун жаңы жылдык концерттик программасы тартууланат жана майрамдык белектер тапшырылат.

Ал эми 27-декабрда саат 11-00до “Оберег” калыптандыруу борборунда Октябрь райондук администрация башчысынын катышуусунда жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлөт.

Ошол эле күнү саат 15-00до А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүүчү жаңы жылдык балаты майрамына колодоого муктаж, ЧАЭС кырсыгынын кесепеттерин жоюуга катышкандардын, Афган согушунун катышуучуларынын  үй-бүлөлөрүнөн 700 бала катышат. Шаардык “Таберик” ансамбли даярдаган спектакль көрсөтүлөт.

“Оберег” калыптандыруу борборунун, Онкология жана радиология борборунун балдар бөлүмүндө дарыланып жаткан, №1-кургак учукка каршы ооруканада дарыланып жаткан балдарга жаңы жылдык белектер тапшырылат.