Новости района

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүнүндө” Мыйзамы аракетте

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүнүндө” Мыйзамын, башка ченемдик-укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы №144- “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында, 2013-жылдын октябрь айында “Ак Санат Лингво” маданий-агартуу  Коомдук бирикмеси тарабынан Биринчи май райондук администрациясынын аппарат кызматкерлерин “Иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү” курсунан өткөрүп, 2013-жылдын 20-декабрында  15-кызматкер күбөлүккө ээ болушту.