ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын Биринчи май районунда үй-жайсыз адамдар үчүн кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү

Бүгүн,19-декабрда Биринчи май райондук администрациясы Кыргызстандын жана Бишкектин Епархия Орус чиркөөсү, “Жашоо фонтаны” Коомдук кайрымдуулук фонду менен биргеликте жана демөөрчүлөрдүн колдоосунда “Коломто” муниципалдык мекемесинде үй-жайсыз адамдар үчүн кайрымдуулук акциясын өткөрдү.


Иш-чара 19-декабрда саат 10-00до Жибек-Жолу проспекти, 413 дарегинде жайгашкан “Коломто” муниципалдык мекемесинин базасында өткөрүлдү.

Кайрымдуулук акциясы үй-жайсыз адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү, социалдык ооруулардын, аталган категориядагы адамдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында үй-жайсыз адамдарга мончо, чач-тарач кызматтары көрсөтүлүп, кийим кечектер таркатылды, жугуштуу оорууларды, ВИЧ СПИД, кургак учукту аныктоо үчүн медициналык кароолор уюштурулду жана ысык тамак берилди.

Кошумча маалымат:

Шаардын Биринчи май районунда үй-жайсыз адамдар үчүн “Коломто” муниципалдык ишканасы жыл бою кызмат өтөйт. Мекеме 1998-жылы ачылган жана аталган категориядагы адамдарга үзгүлтүксүз жардамдарды көрсөтүп келет.

“Коломто” муниципалдык мекемесине райондук бюджеттен жыл сайын 3 млн. 600 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнөт, бул каражат 70 адамга эсептелген, ал эми кыш мезгилинде мекеменин тургундарынын саны 100 адамга чейин жетет. Мекемеге адамдар өз алдынча кайрылышат же социалдык коргоо, ички иштер бөлүмдөрү, тез жардам кызматы аркылуу жолдомо менен келишет.