ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын Осипенко көчөсү, 53 дарегинде жүргүзүлүп жаткан курулуштун мыйзамдуулугу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаментинин билдирүүсү

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти, Akipress маалымат агенттигинин “Мен – репортермун” рубрикасында 2013-жылдын 2-декабрында жарыяланган  Шаардын Осипенко көчөсү, 53 дарегинде жүргүзүлүп жаткан курулуштун мыйзамдуулугу боюнча мурда да маалымат берген.

Анда курулуштун ээсине “Жеке турак-жай куруудагы мыйзамсыздыктарды 2013-жылдын 13-декабрына чейин жоюу жана курулушту убактылуу токтотуу  жөнүндө” 2013-жылдын 9-декабрындагы №002077- жазуу жүзүндө эскертүү берилген. Ага карабастан курулуш ээси курулуш иштерин улантууда.

Аталган факт боюнча Жеке турак-жай куруу департаменти тарабынан 2013-жылдын 16-декабрында №170/13 РП сериясында протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 454-беренесине ылайык курулуш ээсине чара колдонуу үчүн Биринчи май райондук сотуна жиберилди.