ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

16-декабрда Бишкектин “Ала-Тоо” борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын отторун жандыруу аземи болду

Борбордук аянтка көз жоосун алган, бийиктиги 23 метр жаңы жылдык балаты орнотулду. 16-декабрда кечки саат 19-00до жаңы жылдык балатынын отторун жандыруу салтанаты өткөрүлдү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу М.Исмаилов, Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы М.Аманкулов катышты.

Шаар тургундарын жана конокторун мэрдин милдетин аткаруучу М.Исмаилов куттуктап: “Шаарыбыздын борбордук аянтында өлкөбүздүн башкы “Жаңы жылдык балатысын” салтанаттуу ачуу салтка айланып калды. Көркөмдөлүп, кооздолгон  балаты жаңы жылдык майрамдын эң негизги белгиси. Аз күндөрдөн кийин өлкөбүздүн ар бир үйүндө, булуң-бурчтарында жаңы жылдык балатылар жаркырап күйө баштайт. Ошол жаркыраган жарык менен бирге жаңы жылда ар бир үй-бүлөгө бакыт-таалай, ынтымак жана ийгиликтер кошо келишин каалайм!”-  деди.

Жаңы жылдык балатынын отторун жандыруу аземи Аяз ата, Аяз кыздын катышуусундагы оюн-зооктор жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт менен коштолду.