ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын тургундарына “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” деген наам ыйгарылды

Бүгүн Бишкек шаарынын мэриясында  шаар тургундарына  “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” деген наам ыйгарууга арналган салтанаттуу  иш-чара өткөрүлдү.


Мындай ардактуу наамга эмгекте ийгиликтерди жаратып, коомдук турмуштагы активдүүлүгү менен айрымаланган Бишкек шаарынын жети тургуну татыктуу болушту.

Ардактуу наамга татыктуу болушкан шаардыктарды Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы М.Аманкулов куттуктады. “Бүгүн бул наамга шаарыбыздын ардактуу адамдары татыктуу болушту”,-деди төрага.

Бишкек шаарынын вице-мэри О.Попиков: “Сиздер шаарыбыздын алтын фонду болуп эсептелесиздер. Анткени, сиздердин атыңыздар  өлкөбүздүн тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калды. Сиздер жаш муундун өкүлдөрү үчүн дайыма үлгү болуп келгенсиздер жана боло бересиздер. Ал эми шаарыбыздын мэриясына  сиздердин жардамыңыздар, колдооңуздар зарыл”,- деди.

2012-жылдын жыйынтыгы боюнча ардактуу наамга:

Акунов Бейшенбек – коомдук ишмер;

Абылкасымова Майрамкан – кыргыз эл акыны;

Исмаилов Кубанычбек – КР айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер;

Калинин Олег – милициянын подполковниги;

Орозалиев Кадырма – эгек ардагери, Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси;

Оторбаев Түгөлбек – КР жазуучулар союзунун мүчөсү;

Тойгонбаев Эсенаман – эмгек ардагери, Согуштун  ардагерлер Кеңешинин төрагасы.

Бүгүнкү күндө 138 адам Бишкек шаарынын ардактуу жарандары наамына татыктуу болушкан. Алардын аттары “Бишкек шаарынын ардактуу жарандары” китебине киргизилген.