ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

16-декабрда шаардын борбордук “Ала-Тоо” аянтына жаңы жылдык балаты орнотулат

Бүгүн, 11-декабрда Бишкек шаарынын вице-мэри А.Усубакунова жаңы жылга карата майрамдык иш-чаралардын аткарылышы боюнча маалымат жыйынын өткөрдү.


Майрамдык иш-чараладын планына ылайык 16-декабрда баш калаанын “Ала-Тоо” аянтында жаңы жылдык , бийиктиги 20 метр балаты орнотулат жана саат 18-00до салтанаттуу ачылышы болот. Ошондой эле жаңы жылдык балатылар А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, райондук администрациялардын имараттарынын алдында орнотулат. Шаардагы административдик имараттарды, соода борборлорун, аянттарды жана көчөлөрдү жасалгалоо иштери башталат.

Шаарды жасалгалоо үчүн  132 кронштейн,  65 жаңы жылдык панно  жана 45 жарнама такталары даярдалууда.

20-декабрда саат 10-00до балдардын жана өспүрүмдөрдүн республикалык “Сейтек” борборунда жаңы жылдык иш-чаралар өткөрүлөт. Иш-чарага 650 бала катышат жана аларга майрамдык белектер тапшырылат.  Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан көп балалуу, колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына, майып балдарга, афган согушунун, чернобыль кырсыгын жоюуга, апрель окуяларынын катышуучуларынын балдарына 5 300 белектер тапшырылат, жалпысынан жаңы жылдык белектер 5950 балага берилет.

27-декабрда “Ала-Тоо” кинотеатрынан  шаардын мэриясына чейин Аяз ата жана Аяз кыздын жүрүшү уюштурулат. Ал эми саат 10-00до, 12-00до А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 1500 баланын катышуусунда жаңы жылдык эки иш-чара  өткөрүлөт.

31-декабрда борбордук аянтта кеңири программадагы майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт жана салют атуу менен аяктайт.

16-декабрдан баштап Ахунбаев жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде, Ботаникалык бактын жанында балаты базары иштей баштайт. 27-28-декабрда Жумабек жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы жылдык жарманке уюштурулат. Жарманкеге аыйл-чараба товараларынын, азык-түлүктөрдүн, жаңы жылдык оюнчуктардын кеңири ассортименти коюлат.

Майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 7,5 млн. сом өлчөмүндөгү каражат бөлүндү.

Мекеме-уюмдарда жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүү графиги Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы менен макулдашылды жана майрам күндөрү коомдук тартипти  жана шаардыктардын коопсуздугун сактоо боюнча күчөтүлгөн тартипте иштер жүргүзүлөт. Ошондой эле өрт коопсуздугун сактоо боюнча да  иш-чаралар жүргүзүлүүдө.