ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн “Тунгуч” кичи районунда 9 кабаттуу жаңы үйдүн ачылыш аземи өткөрүлдү

Үйдүн курулушу 2011-жылдын апрель айында башталган. Үй бир бөлмөлүү 135 батирден турат.


Үйдүн сантехникалык жана жасалгалоо иштерин үй ээлери өздөрү аткарышат.

Үйдө инженердик коммуникация, айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Үй “Бишкек шаарында көп батирлүү турак үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобосуна ылайык курулду.

Үлүштүк курулуштун жобосуна ылайык, курулуштун алгачкы этабында үй баасынын 30% төлөнөт. Курулуш толугу менен аяктагандан кийин дагы 30% төлөнөт. Калган 40% үлүшкө киргендер 5 жыл ичинде төлөшөт.

Үйдүн баасынын жалпы суммасы 99700, 01000 миң сомду түзөт. Үйдүн жалпы аянты – 6328 чарчы метр. Бир бөлмөлүү батирдин баасы – 743 миң 240 сом.

Курулуш иштерин Азат корпорациясынын “СМЭУ-3” ЖЧК аткарды. Курулуштун долбоорун “Грант-Проект” ЖЧК түздү.

Жаңы үйдүн ачылыш аземине Бишкек шаарынын вице-мэри О. Попиков катышып, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында төрт балалуу болушкан Красновдордун үй-бүлөсүнө бир бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.