ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жыл башынан бери баш калаада 143 мыйзамсыз курулган объект бузулду

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти тарабынан 2013-жылдын ноябрь айында жеке турак үйлөрдү курууда орун алган мыйзам бузуулар боюнча 41 административдик эскертүү берилди.


Алардын: 25и аткарылды, 20сы бузууга милдеттендирилди жана 1сү бузулду.

2013-жылдын 1-январынан 30-ноябрына чейинки мөөнөттө Жеке турак-жай куруу департаменти тарабынан 864 административдик эскертүү берилип, алардын 628и аткарылган. Эскертүүлөр белгиленген мөөнөттө аткарылбагандыгы үчүн 168 протокол түзүлгөн, алардын 58ине соттун чечими чыккан.

Жалпысынан 143 объект бузулган, алардын 29у соттун чечиминин негизинде, ал эми 114 объект жер ээлеринин өз ыктыяры менен бузулду.