Новости района

Биринчи май районунда КР “Мамлекеттик тил жөнүндө Мыйзамынын” аткарылышы боюнча кезектеги коллегия болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жана башка ченемдик-укуктук актыларын  Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май районунда аткарылышы боюнча 2013-жылдын 3-декабрында райондук администрацияда кезектеги коллегия өттү.
Коллегияга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Мүсүралиев Жумабек Керимовичтин катышуусунда өткөрүлдү.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу максатында, райондун аймагындагы түзүмдүк бөлүмдөрүндө, кызматтарда, муниципалдык аймак башкармалыктарда, саламаттык сактоо, жалпы билим берүү  мекемелеринде жана бала-бакчаларда иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү деңгээли каралды.
Жыйынтыгында, райондун “Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамынын талабына толук жооп бербеген мекемелерге кетирген кемчиликтери үчүн эскертүүлөр берилди.