ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өздүк көркөм-чыгармачылыгы жана кол өнөрчүлүк боюнча XV Фестивалынын гала-концерти өтүүдө

Бишкек шаарынын мэриясы “Майыптардын Эл аралык күнүн” белгилөөнүн алкагында, балдардын республикалык “Сейтек” борборунда үстүбүздөгү жылдын 2-3-декабрында ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өздүк көркөм-чыгармачылыгы жана кол өнөрчүлүк  боюнча XV Фестивалынын гала-концертин өткөрүүдө.


Фестиваль жыль сайын өткөрүлүп турат. XV Фестивалдын баштапкы туру 12-15-ноябрда өткөрүлүп, 14 балдар уюмдары катышты жана өздүк көркөм-чыгармачылыгынын 147 номери көрсөтүлдү.

Фестивалдын жеңүүчүлөрүнө грамоталар, дипломдор, баалуу сыйлыктар тапшырылат.

3-декабрда гала-концерт чоңдор арасында улантылат. Конкурска жалпысынан 36 мекеме-уюмдардан 300дөн ашык адам катышты.