ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрынан 22-ноябрына чейинки убакытта 36 кичи автобус иштен четтетилди

Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык  транспорт Башкармалыгы тарабынан кичи автобустардын техникалык, санитардык абалы жана айдоочулардын жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты үзгүлтүксүз текшерилип турат.


Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрынан 22-ноябрына чейинки убакытта 36 кичи автобус техникалык, санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн  иштен четтетилди.

Кичи автобустар төмөнкү фирмаларга таандык:

«Трансгрупп-Коммунткейшин» ЖЧК  (№№185, 136,135-маршруттар); «Кулатай-Компании»  ЖЧК (№103); ОсОО «ГАЛОП» (№105);  «Спейсталс»  ЖЧК (№№ 262, 214);   «Акжолтой» ЖЧК (№№ 100,101,110,111,128,147,163);  «Лига»  ЖЧК (№№ 179,143,212,174,155); «Куюн»  ЖЧК (№269);«Ника плюс»  ЖЧК (№225); «Элек»  ЖЧК (№106);   «Яглахар» ЖЧК (№175);  «Кут-Консун» ЖЧК (№223); «Ак-Жол» ЖЧК (№290).