ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы Ишкер Кеңеши менен коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Бүгүн, 28-ноябрда Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы Ишкер Кеңеши менен коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө меморандумга кол койду.

Аталган меморандум  Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы Ишкер Кеңеши менен Бишкек шаарынын мэриясы биргеликте коррупцияга каршы күрөшүү  системасын иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коррупцияга каршы иш-чараларын натыйжалуу ишке ашыруу маселелерин камтыйт.

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча биргелешкен тематикалык семинарлар өткөрүлүп, кеңештер берилип турмакчы.

Кызматташтык төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:

-  коррупцияга каршы күрөшүү саясатынын укуктук жана институционалдык негиздерин өнүктүрүү;

-  коррупциялык  мүнөздөгү көрүнүштөрдүн алдын алуу демилгелерин көтөрүү жана талкуулоо;

-  коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлеринин арасында коррупциянын келип чыгуу булактары жана алардын кесепеттери, муниципалдык кызматта коррупция менен күрөшүүнүн ыкмалары жөнүндө семинарларды өткөрүү;

-  республикадагы социалдык-экономикалык, коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу коррупциялык жагдайдын өсүшүн божомолдоо.