ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Реконструкциялоодон кийин Тимур Фрунзе көчөсүндө жол кыймылы ачылды

Бүгүн Тимур Фрунзе көчөсүнүн Л.Толстой көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки реконструкциядан өткөрүлгөн бүлүгүндө жол кыймылы ачылды. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов катышты.


Тимур Фрунзе көчөсүнүн Л.Толстой көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн узундугу 1,3 км. түзөт. Реконструкциялоо долбоору “Гаранттранс” ЖЧК тарабынан иштелип чыккан, “Бишкекбашкыархитектурасы” менен макулдашылып, КР Мамлекеттик курулуш комитетинен экспертизадан өткөн.

Реконструкцияланган жолдун узундугу – 1,3 км. түзөт, туурасы 7-9 метрден 11 метрге чейин кеңейтилди. Аталган жол тилкесине эки катмарлуу асфальт төшөлүп, жол белгилери, сугат лотоктору орнотулду жана жол бетине белгилер түшүрүлдү. Азыркы учурда 1,5 метр кенендиктеги тротуарларды куруу иштери аяктоодо.

“Аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарабыз. Кийинки жылы Лущихин атындагы көчөнү реконструкциялап, Барпы Алыкулов көчөсүнө кошобуз. Сокулук району үчүн альтернативдик жол пайда болот жана шаардын батыш бөлүгүнүн жолдору камтылат”,- деди Иса Өмүркулов.

Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан баштап Тимур Фрунзе көчөсү боюнча №8-троллейбус маршруту иштей баштайт. Троллейбус маршруту “Ак-Өргө” конушу менен Лермонтов көчөсүн байланыштырат.

Тимур Фрунзе көчөсүн реконструкциялоо боюнча тендер Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн. Тендердин жыйынтыгы менен “Мостдорстрой” ЖЧК курулуш иштерин 47,0 млн. сом өлчөмүндөгү каражатка аткарды.

Жол куруу иштери 2013-жылдын жайында башталган жана учурда толугу менен аяктады.