ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн шаар башчысы Иса Өмүркулов “Алтын-Ордо” конушунда курулган жаңы көпүрөнүн ачылыш аземине катышты

Жаңы көпүрө “Алтын-Ордо” конушун Анкара көчөсү менен байланыштырат.


Көпүрөнүн узундугу 17,7 метрди, туурасы 11 метрди , эки четиндеги тротуарлардын туурасы 1,5 метрди түзөт. Анкара көчөсүнөн көпүрөгө чейинки аралык 212 метр.

Көпүрөнүн курулушуна 18 млн.сом өлчөмүндөгү каражат жумшалды.

Көпүрөгө алып келчи жолго жол белгилери, тышкы жарыктандыруу орнотулуп, жол бетине белгилер түшүрүлдү. Бир айлык мөөнөттө светофорлор орнотулмакчы.

Жаңы көпүрөнүн курулушу үстүбүздөгү жылдын август айында башталган.

“Быйылкы жылы шаар боюнча 45 км жолду оңдоо белгиленген. Учурда жол куруу иштерин аяктоо алдында турабыз. “Алтын-Ордо” конушундагы эски көпүрө пайдалануу  үчүн опурталдуу эле. Жаңы көпүрө куруу 2012-жылга белгиленген, Анкара көчөсүн реконструкциялоого байланыштуу көпүрө 2013-жылы курулду. Мындан тышкары шаардын “Ак-Ордо”, “Рухий-Мурас”, “Ак-Өргө”, “Арча-Бешик” конуштарындагы жолдор реконструкцияланды, эми шаар менен жаңы конуштардын ортосундагы каттамдар кыйла жеңилдеди”,- деди шаар жетекчиси.

Иш-чаранын жүрүшүндө И.Өмүркулов “Алтын-Ордо” конушунун тургундары менен жолукту. “Полиция шаарчасы” жаңы конушун да шаарга кошуу боюнча маселе чечилүү алдында тургандыгы , учурда Чүй областынын администрациясы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

Жакын арада аталган аймак боюнча муниципалдык транспорт каттай баштайт.