ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Орто-Сай базарынын ичинде жана айланасында көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү улантылууда

Бүгүнкү күнү Орто-Сай базарын көрктөндүрүү иштери улантылууда жана 155 мыйзамсыз орнотулган соода түйүндөрү бузулду.

Иш-чаралар Сүйөркулов көчөсүн реконструкциялоо жана Орто-Сай базарын ирээтке келтирүү боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде жүргүзүлдү.

Азыркы учурда тротуарларда, унаа токтотуучу жерлерде баш аламандыкта соода кылууга жол берилбейт. Базардын ичи тышында мыйзамсыз жайгаштырылган 78 соода түйүнү алынып салынды.

Юнусалиев көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Космопаркка чейинки бөлүгүндөгү 700 чарчы метр аянттагы тротуарга чарба жүргүзүүчү субъекттердин эсебинен брусчатка төшөлдү. Орто-Сай базарынын батыш тарабындагы, тактап айтканда, Жукеев-Пудовкин көчөсү тарабындагы базарга кирүүчү дарбазанын алдына 80 чарчы метр аянтка брусчатка төшөлдү.

Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Безымянная көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү тротуарларга  чарба жүргүзүүчү субъекттердин эсебинен брусчатка төшөлөт. Ал эми, базарга Сүйөркулов көчөсү тарабынан кирүүчү дарбазанын алдындагы 100 чарчы метр аянтка чарба жүргүзүүчү субъекттердин эсебинен асфальт төшөлдү. Базардын айланасындагы 600 чарчы метр аянтка брусчатка төшөө белгиленип жатат.

Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн бурчундагы эс алуу жайына жеке ишкер Орозалиеванын каражаттарынын эсебинен 10 отургуч, 4 клумба, 9 жарык берүүчү каражат жана 8 таштанды жыйноо үкөктөрү орнотулду.

Жукеев-Пудовкин көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган 6 соодо түйүнүн алып салуу, базардын ичиндеги 680 чарчы метр аянтка брусчатка төшөө жана 25 таштандыларды жыйноо үчүн үкөктөрдү орнотуу белгиленүүдө.