ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын Сүйөркулов көчөсүндө пандустарды орнотуу иштери аяктады

Пандустар жолдон түшүүчү жерлерде, тротуарларда, аялдама комплекстеринде орнотулду.


Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында Сүйөркулов көчөсүндө курулуш иштери аяктап, унаа кыймылы ачылгандыгын эске салабыз. Ал мезгилде жолду кеңейтүү, сугат тармактарын куруу жана тышкы жарыктандырууну орнотуу иштери аяктаган.

Жолду капиталдык оңдоодон өткөрүүдө биринчи этап менен жолдун унаалар жүрүүчү бөлүгү оңдолуп, экинчи этапта сугат тармактарын, тротуарларды, аялдама комплекстерин куруу жана пандустарды, тышкы жарык берүүнү орнотуу иштери жүргүзүлөт.