ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын Анкара көчөсүндө тротуарларды куруу жана жол бетине белгилерди түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Анкара көчөсүнүн Шабдан Баатыр көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолду реконструкциялоо иштери аяктады.

Жолдун узундугу 4,6 км. түзөт, ал эми туурасы 12 метрден  16 метрге чейин кеңейтилди жана 12 см. калыңдыктагы эки катмарлуу асфальт төшөлдү.

Мындан тышкары, Тимур Фрунзе көчөсүнүн Л.Толстой көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол оңдоо иштери аяктоодо.  1,3 км. жол аралыгына эки катмарлуу асфальт төшөлдү. Азыркы учурда жол бетине белгилерди түшүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.