ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар жолдорун кардан тазалоо үчүн 5 кичи тракторлор таң эртеден иштеп башташты

Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” Муниципалдык ишканасы, бүгүн таң эртеден баштап  шаар жолдорун кардан тазалоо үчүн 5 кичи тракторлор иштеп жатышкандыгын билдирди.

Аталган техникалык каражаттар  шаардын борбордук аянттарында, көчөлөрүндө жана эл көп жүргөн жерлерде тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Техникалык туз жана кум менен жүктөлгөн автоматташтырылган техникалык каражаттардын 20 бирдиги даярдыкка келтирилди.

Мындан тышкары кар калың жааса кошумча 4 трактор ишке киришүүгө даяр жана инерттик материалдар керектүү өлчөмдө даярдалган.

Азыркы учурда “Тазалык” муниципалдык ишканасынын базасында 2000 тонна кум, 170 тонна туз даярдалган.