ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Шаар башчысы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
“Өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгон жылдары Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында ийгиликтүү эмгеги менен Кыргызстандын өсүшүнө өздөрүнүн татыктуу салымдарын кошкон адистердин саны көбөйдү.  Учурда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына – жергиликтүү маанидеги жана шаарыбыздын ичиндеги маселелерди чечүү боюнча жоопкерчилик милдеттендирилген. Шаардыктарды жылуулук, газ, суу, электр энергиясы, коомдук транспорт менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, тиричилик таштандыларын жыйнап, аларды өз маалында чыгаруу, шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу маселелерин чечүү боюнча Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иш алып барышат”, - деди Иса Өмүркулов куттуктоо сөзүндө.
Баш калаабыздын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында өзгөрүүлөр болуп, муниципалдык бийликтин түзүмүн өзгөрттү. Жүргүзүлгөн өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгында калктын маанилүү маселелерин чечип туруу максатында 22 аймактык өз алдынча башкаруу органдары түзүлдү. Азыркы учурда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында ЖӨБ тармагынын ишмердигин өнүктүрүү Концепциясы жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча ченемдик укуктук  документтердин пакети кабыл алынды.
Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 2009-2012-жылдарга кабыл алынган “Жаңыртылган борбор” Программасын ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарынын муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, коомдук уюмдарынын лидерлеринин ишмердигин өнүктүрүү максатында алдыңкы усулдук ыкмаларды колдонуу менен үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүп турат. Бул багытта Эл аралык уюмдар менен биргеликте иш алынып барылат. 
 
Азыркы учурда “Сорос Кыргызстан” фонду менен биргеликте Бишкек шаарынын муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча курстар уюштурулуп, гранттык негизде шаар башкаруу маселелери боюнча эксперттер иштешүүдө.