ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар башчысы Иса Өмүркулов шаарды көрктөндүрүү боюнча өткөрүлгөн кезектеги рейддин жүрүшүндө “Эски жайма базардын” айланасын көрүп чыкты

Шаарды көрктөндүрүү боюнча өткөрүлгөн кезектеги рейддин жүрүшүндө шаар башчысы “Эски жайма базардын” тегереги кароосуз калгандыгын жана көптөгөн обьекттер шаар куруу эрежелеринин талаптарына жооп бербестигин белгиледи.


Шаардын Свердлов районунун акимине бир айлык мөөнөттүн ичинде аталган обьекттердин курулушунун мыйзамдуулугун карап чыгып, эгер мыйзамсыз курулса аларды алып салуу боюнча тапшырмалар берилди.

Шаарды көрктөндүрүү, жолдордун абалын изилдөө боюнча шаардык кызматтардын жана райондук администрациялардын жетекчилеринин катышуусундагы бул рейддин уюштурулушу жана жыйынтыгы 2014-жылдын бюджетин түзүүдө эске алынаарын шаар башчысы эскертти.

Ошондой эле рейддин жүрүшүндө “Эски жайма базарга” жакын жайгашкан Орозбеков көчөсүн реконструкциялоого каражат бөлүнөөрү белгиленди.