ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар башчысы баш калаанын 5 базарын көрүп чыгып, алардын жыйынтыгын чыгарды

Шаар башчысы шаарды көрктөндүрүү боюнча өткөрүлгөн пресс-турдун жүрүшүндө белгиленген баардык маселелер боюнча иш-чаралардын планын түзүүнү шаардык кызматтардын жетекчилерине тапшырды.

Бишкек шаарынын мэри Орозбеков жана Патриса Лумумбы көчөлөрүн реконструкциялоону 2014-жылдын планына киргизүүнү өзгөчө белгиледи. Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына чейин жеңил конструкциядагы мыйзамсыз орнотулган соода түйүндөрүн алып салуу боюнча иш жүргүзүү  тапшырмаларын берди. Ошондой эле Ош базарынын айланасында унаалардын кыймылын тартипке келтирүү боюнча да тапшырмалар берилди.

Ал эми Москва жана Совет көчөлөрүндө жаңы үлгүдөгү аялдама комплекстерин куруу боюнча иш-чараларды баштоо белгиленди.

Патриса Лумумбы жана Орозбеков көчөлөрүндө иш жүргүзүү боюнча жооптуу шаардык кызматтар иш-чаралардын планы түзүлмөкчү.