ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Сүйөркулов көчөсүнүн ачылышына катышты

Шаарда Сүйөркулов атындагы көчөнүн ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага шаар башчысы Иса Өмүркулов катышты. 
Капиталдык оңдоолор жүргүзүлгөндөн кийин Сүйөркулов көчөсү 16 метрге чейин кеңейтилип, жол кыймылы төрт  тараптуу жүргүзүлүүдө. 
Сүйөркулов көчөсүнүн Малдыбаев көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө курулуш иштеринин жүрүшүндө 30 дан ашык люктар оңдолду ошондой эле Орто-Сай базарынын айланасы ирээтке келтирилип, 130 жеңилдетилген типтеги соода жайлары алынып салынды. 
 1,85 км. узундуктагы Сүйөркулов көчөсүнүн Малдыбаев көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүн реконструкциялоо “Агродолбоор” ЖЧК долбоордук фирмасы тарабынан иштелип чыгып, “Бишкекбашкыархитектурасы” менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик курулуш комитетинде экспертизадан өткөн. 
Аталган долбоордун алкагында төмөнкү иш-чаралар каралган:
-   3 000 п/м электр чубалгыларын алмаштыруу;
-   асфальтбетон жол кыртышын фрезерлөө;
-   фрезерлөөдөн кийин асфальтбетон жол кыртышын оңдоо;
-   11 см. (6см.+5см.) калыңдыкта эки катмарлуу асфальтбетон төшөө;
-    лотокторду куруу;
-    тротуарларды куруу;
-    жол белгилерин орнотуу;
-     жол бетине белгилерди түшүрүү;
-     тышкы жарыктандырууну орнотуу.
Сүйөркулов көчөсүн реконструкциялоо боюнча үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Түркия кредити боюнча тендер өткөрүлгөн. Тендердин жыйынтыгы боюнча курулуш иштерин жүргүзүүгө ATAYOLASFALTTAAHHUTINSAATи "Технотоп" ЖЧК  консорциуму аныкталып, 123,7 млн. сом. Өлчөмүндөгү каражатка курулуш иштери жүргүзүлмөк. 
Сүйөркулов көчөсүнүн Малдыбаев көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол кыймылы жабылуу менен 2013-жылдын август айында курулуш иштери башталып, долбоор боюнча толугу менен аягына чыгарылды.