ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун мемориалынын ачылыш аземи өктөрүлдү

“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун мемориалынын ачылыш аземи өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев, КР Өкмөт мүчөлөрү, Бишкек шаарынын мэри И.Өмүркулов, жергиликтүү жана чет өлкөлүк илимий, маданий ишмерлер катышты.
Мемориалдын ачылышы улуу жазуучунун 85 жылдыгына  арналган “Чыңгыз Айтматов жана Ысык-Көл  форуму”  Эл аралык форумунун ишинин башталышынын алкагында өткөрүлдү. 
Мемориалдын курулушу жазуучунун уулу Аскар Айтматовдун жеке каражаттарынын эсебинен башталып, каражаттын жетишпегендигине байланыштуу токтотулуп калган. Курулушту толук аяктоо үчүчн Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев 1 млн. сом бөлүштүргөн жана калган сумманы атамекендик компаниялар бөлүштүрүштү. 
2011-жылы шаардын борбордук аянтына Ч.Айтматовдун эстелиги коюлган.