ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Улуу Ата-Мекендик Согуштун эки ардагери менен алардын үйлөрүндө жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Улуу Ата-Мекендик Согуштагы Жеңиш күнүн утурлай согуштун ардагерлери Бутов Григорий Архипович жана Сергеев Тимофей Павловичтин үйлөрүндө болду.

 

Бутов Григорий Архипович үстүбүздөгү жылы өзүнүн 92 жылдыгын белгиледи. 1941-жылы 23-июнда 18 жаш курагында Советтик Армиянын катарына кызмат өтөөгө чакырылып, ал эми декабрь айында фронтко жөнөтүлгөн. 1943-жылы майданда оор жарадар болгон. Согуштан кийинки жылдары Фрунзе шаарында эмгектенген. Бир нече өкмөттүк сыйлыктар, медалдар менен сыйланган.
 
Сергеев Тимофей Павлович 1924-жылы туулган. 1942-жылы аскерге чакырылып, согуштун аягына чейин фронтто болгон. Аскерден 1953-жылы бошонгон. Согуштан кийинки жылдары Фрунзе шаарында жашап, эмгектенген. Тимофей Павлович 30 жылдан ашык шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасында иштеген.
 
Шаар башчысы ардагерлерди келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктап, 10 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам жана азык-түлүктөрдү тапшырды.
 
Тактама ирээтинде айта кетсек, Бишкек шаары боюнча 568 Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагерлери жана 2493 согуш жылдарындагы тыл эмгекчилери жашайт.