ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун шаардыктарды Пасха майрамы менен куттуктоосу

Урматтуу мекендештер! 

 

Сиздерди Христиандардын эң сүйүктүү майрамдарынын бири – келе жаткан Пасха майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

 
Бул жаркын майрамдын салтанаттуулугу эчен кылымдар мурда башталып, турмуштагы жеңиштердин, адамзаттын жан дүйнөсүнүн жаңыланышын белгилеп келген. Пасха – христиандардагы гумандуулукту айкындап, кең пейилдүүлүк менен кечиримдүүлүктү, адамзатына, жаратылышка болгон чексиз сүйүнүү бекемдеп турат.
 
Пасха майрамы миллиондогон адамдарды кубанычтын кучагына бөлөп, жакшылык кылууга үндөйт жана  алсыздарды жылуулук, аео сезими менен курчаганга чакырат.
 
Бул Улуу майрам ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө жакшылыктар менен ийгиликтерди, жаз күнүндөй жаркыраган маанайды тартууласын! Бардыгыңыздардын турмуштагы багытыңыздарды, келечек үчүн кылган кызматыңыздарды коштоп, жакшылыкка жөрөлгө болсун!
 
Сиздерге чын ниетимден тынчтык, ынтымак, бакыт-таалай, таза саламатчылык каалайм, алдыга койгон максаттарыңыздар орундалсын!  
 
Улуу Пасха майрамыңыздар менен!