ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Улуу Жеңиш майрамы менен согуш ардагерлерин жана тыл эмгекчилерин куттуктады

Бүгүн, 7-майда балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” чыгармачылык борборунда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Улуу Жеңиш майрамы менен согуш ардагерлерин жана тыл эмгекчилерин куттуктады.

 

“Сиздерди, урматтуу ардагерлер жана согуш жылдарындагы тыл эмгекчилери, Улуу Жеңиш майрамы менен чын ниетимден куттуктайм! Каардуу жылдары, кан майданда көрсөткөн эрдигиңиздерге таазим кылуу менен терең ыраазычылык билдирем! Курман болгон жоокерлерибиздин жаркын элестери эсибизде түбөлүккө сакталат, ал эми, катарыбызда жашап жаткан ардагерлерибизге даңк жана урмат-сый артыла берсин. Жыл өткөн сайын кадырлуу ардагерлерибиздин катары сейректеп бара жатат. Майданда курман болгон жоокерлерди эскерүү менен катарыбызда жашап жаткан ардагерлерибизге камкордук көрүүнү эч качан унут калтырбашыбыз керек. Учурда Бишкек шаарында өткөн согуштун 568 ардагери, 2 миң 498 согуш жылдарындагы тыл эмгекчилери, 39 Ленинград курчоосунда калгандар жашашат. Сиздердин Мекенибиздин көз карандысыздыгы үчүн көрсөткөн эрдигиңиздер бардыгыбызга ар дайым үлгү болот. Сиздерди Улуу Жеңиштин 68 жылдыгы менен чын дилибизден куттуктайбыз жана эрдигиңиздер менен сыймыктанабыз”,- деди өз сөзүндө шаар башчысы.
 
Иш-чаранын соңунда ардагерлер үчүн концерттик программа тартууланды жана согуш ардагерлерине 5 миң сом, согуш жылдарында өкмөттүк сыйлыктарга ээ болгон тыл эмгекчилерине 3 миң сом өлчөмүндө материалдык жардамдар көрсөтүлдү.
 
Улуу жеңиш күнүн белгилөө жана согуш ардагерлерине, тыл эмгекчилерине жардам көрсөтүү максатында шаардык бюджеттин эсебинен 10 млн. сом бөлүнгөн.