ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Атаандаштык саясаты боюнча башкармалыгы социалдык тамак берүүнү уюштуруу жана азык-түлүктөрдү сатып алуу боюнча тендер жарыялайт

Бишкек шаарынын мэриясынын Атаандаштык саясаты боюнча башкармалыгы өкмөттүк эмес уюмдарды, жарандык сектордун өкүлдөрүн, байкоочу ирээтинде мектептерде, балдар бакчаларында, карылар үйлөрүндө, ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн калыптандыруу борболорунда жана пансиондордо тамак берүүнү уюштуруу жана азык-түлүктөрдү сатып алуу боюнча тендерге катышууга чакырат.
 
Тендердик комиссиянын курамына Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, шаардык Кеңештин депутаттары, ЖМКнын, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык сектордун өкүлдөрү кирет.
 
Бишкек шаарынын мэриясынын Атаандаштык саясаты боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына ылайык төмөндөгү сатып алууларды жарыялайт:
Уюштуруучу: Бишек шаарынын мэриясынын Атаандаштык саясаты боюнча башкармалыгы чексиз сатып алуулар ыкмасы менен тендер жарыялайт.
 
Сатып алуучу мекемелер: Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык тамактандыруу департаменти жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү.
 
Сатылуучу азык-түлүктөр кеңири ассортиментте:
Эт жана эт азыктары, ун жана ун азыктары, крупалар, тамакка кошулмалар, полуфабрикаттар, “С” витамини, сүт азыктары, жер-жемиштер, нан жана кондитердик азыктар, нукура ширелер, туздалган азыктар, каймак май, өсүмдүк майы ж.б.
 
Тендердик өтүнмөлөр 05. 06. 2013-ж. саат 14-00 го чейин берилет.
 
Тендердик өтүнмөлөрдү ачуу 05. 06. 2013-ж. саат 14-00 до ( Бөкөнбаев көч, 145 дареги) жүргүзүлөт.
 
Тендерге тиешелүү документтер, Бишкек ш. Карасаев көч. 41 дареги боюнча Атаандаштык саясаты боюнча башкармалыктан берилет.
 
Кененирээк маалыматты 44-34-79 телефону аркылуу алса болот.