ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов vb.kg интернет сайты уюштурган эки сааттык түз эфирге катышты

Түз эфирдин жүрүшүндө шаар башчысы шаардын жолдорун оңдоо иштеринин жүрүшү жөнүндө кеңири маалымат берди. 2013-жылы 45 км жол оңдолуп, реконструкцияланат. Бул соңку 20 жылдын ичиндеги жүргүзүлгөн көлөмдүү иштерден.

 
“Шаардын жолдорунун учурдагы абалы жана аларды оңдоо бүгүнкү күндүн курч маселесине айланган. Долбоор боюнча жолдорду реконструкциялоо 18 айга эсептелген. Капиталдык оңдоолорду апрель айында башатадык, ноябрь айында аяктайбыз. Мындан тышкары, А.Токомбаев көчөсүнө жаңы аялдамаларды орнотобуз. Бул багыттагы иштерге шаардык бюджеттен каражат каралган эмес, бирок биз керектүү каражатты табабыз”,- деди И.Өмүркулов.
 
“2013-жылы жамоо иштерине 26 млн сом каралса,  2010-жылы 90 млн сом каралган. Жылдан жылга жолдорду жамоо иштерине каралчы каражаттардын көлөмү азаюуда. Жамоо иштери жолду убактылуу кармап туруш үчүн көрүлгөн аргасыз чаралардан бири. Кийинки жылга каражаттын көлөмү дагы азаят”,- деп кошумчалады шаар башчысы.
 
Шаар башчысы жолдорду реконструкциялоонун келечектеги пландары жөнүндө ой бөлүштү. 2014-жылы Ауэзов, Ленинград, Көлбаев, Патриса Лумумбы, Щербаков көчөлөрүн оңдоп, реконструкциялоо белгиленүүдө.