ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) кышка даяр

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Бишкек шаарынын Жылуулук электр  борборунда болду.

 
Шаар башчысы: “ Бишкек ЖЭБнун учурдагы таш көмүр, отундун башка түрлөрү менен камсыз болушу жана жылуулук агрегаттарынын даярдыгы баарыбызды тынчсыздандырат. 2013-жылы кышка даярдык иштери өткөн жылдагыдан жакшы жана сапатуу жүргүзүлдү. ЖЭБ 380 млн. сомго реконструкциялоо белгиленүүдө жана 790 МВт кубаттуулук кошулмакчы. Шаарда 100дөн ашык көп кабаттуу үйлөр курулууда, ошондуктан реконструкциялоо иштерин жүргүзүү зарыл”,- деди.
 
Бүгүнкү күндө шаарды 60 жылуулук берүү обьекти тейлейт. Алардын айрымдары газ, айрымдары мазут менен иштейт. Аларды кургак отунга которуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
 
Бишкек ЖЭБ кышка даяр. Таш көмүр белгиленген мөөнөттө келип жатат. Кампаларга 450 миң тонна казак, 400 миң тонна жергиликтүү таш көмүрдү түшүрүү белгиленген. 2013-жылдын 1-октябрына кампаларга 205 миң тонна таш көмүр түшүрүлдү. Бир айдын ичинде 100 миң тонна таш көмүр келмекчи.