ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаардык Арсен Умуралиев атындагы драма театрында А.Грибоедовдун “Акылдан азап” спектакли коюлат

Бишкек шаардык Арсен Умуралиев атындагы драма театры өзүнүн юбилейлик сезонун ачты. Театрга быйыл 20 жыл, ал эми анын негиздөөчүсү Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү актер А.Умуралиев 80 жашка толот. Театр сезонду жаңы имаратта баштайт, театрдын жаңы имараты Чүй проспекти, 28 дарегинде жайгашкан.

 
Театралдык сезондун ачылыш күндөрү 7, 8, 9-октябрда А.Грибоедовдун “Акылдан азап” спектакли коюлат. Спектаклди койгон орусиялык жаш режиссер Татьяна Захарова, декорациясы Юлдаш Нурматовдуку, костюмдары Зухра Мукамбетованыкы, пластикалык режиссура Сергей Стрельцовдуку, музыкасын Елена Мягкова иштеп чыкты. А.Грибоедовдун чыгармасын кыргыз тилине Райкан Шүкүрбеков которгон, ал эми баш каарман Чацкийдин монологу орус тилинде окулат.