Үстүбүздөгү жылдын 3-октябрында оңдоо-профилиактикалык иштеринин жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу шаардын айрым райондоруна таза суу берүү убактылуу токтотулат
- Подробности
- Опубликовано 02.10.2013 11:40
“Тоголок Молдо” суу берүү обьектинде оңдоо-профилактикалык иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, 3-октябрда саат 9-00 дон 17-00 гө чейин шаардын төмөндөгү райондоруна таза суу берүү токтотулат:
Логвиненко, М.Фрунзе көчөлөрү, Манас проспекти жана темир жол кылкасындагы үйлөр, анын ичинде: “Кожомкул” атындагы спорттук-маданий борбор, Бишкек техникалык колледжи, №3-Дирекция, “Казахстан” банкы, Тез жардам станциясы, №1-стомполиклиника, Борбордук төрөт үйү, “Промпроект” ААК, Ардагерлер поликлиникасы.
“Бишкексууканал” башкармалыгы шаар тургундарынан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана таза суунун керектүү көлөмүн алдын ала камсыздап алуунун эскертет.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |