ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ кызматы кезектеги санитардык рейддин жыйынтыктарын маалымдайт

СЭИ кызматы тарабынан жүргүзүлгөн кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө Дэн Сяопин проспекти, 10 дарегинде жайгашкан “Боорукер” кичи базарынын, “Адина” мейманканасынын, “Ак Суу” базарынын чыгыш жагындагы унаа токтотмонун жана “Дордой” жаңы конушундагы “Малыш” дүкөнүнүн айланасында санитардык ченемдердин, шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузууларга жол берилгендиги аныкталды.

 
Аталган мекемелерге тиешелүү аянттарда таштандылар баш аламандыкта жыйналып, аларды өрттөө фактылары катталды.
 
Рейддин жыйынтыгы менен аталган мекемелердин жетекчилеринин атына “КР Административдик жоопкерчилик жөнүндө” мыйзамынын 488, 489-беренелери боюнча протоколдор толтурулуп, райондук административдик комиссиялардын кароосуна жиберилди.