ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Сейтек” республикалык балдар жана өспүрүмдөр борборунда Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү

Бүгүн 1-октябрда “Сейтек” республикалык балдар жана өспүрүмдөр борборунда Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.

 

Иш-чарага 650 карыялар катышты.
 
Майрамдык жыйынга катышкандарды шаар башчысы Иса Өмүркулов куттуктады.
 
“1-октябрь күнү урматтуу ардагерлерибизди куттуктоо салтка айланган мээримдүү майрамдардын бирине айланган. Бул күнү Сиздерге көрсөтүлгөн урмат-сый, Сиздер басып өткөн жолдун, эл үчүн кылган кызматыңыздардын, акыл-эсиңиздердин бир гана көз ирмемине арзыйт. Бүгүнкү майрам – дагы бир жолу Сиздерге башыбызды ийип, терең ыраазычылык билдирүүгө шарт түзүп берип отурат”,- деди куттуктоо сөзүндө Иса Өмүркулов.
 
Майрамдык иш-чаранын алкагында кыргыз эстрада чеберлеринин жана өздүк көркөм чыгармачылык жамааттарынын катышуусунда концерт берилди.
 
Бишкек шаарынын мэриясынын атынан карыяларга материалдык жардамдар көрсөтүлдү.