ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Ала-Арча” суусунун нугун механизациялык тазалоо иштери аяктады

Бүгүнкү күнү “Ала-Арча” суусунун нугун механизациялык тазалоо иштеринин көлөмү Биринчи май району боюнча аяктады.

 
Көпүрөнүн алдындагы аянт толугу менен тазаланып, жалпы тазаланган тилкенин узундугу 300 п/м түздү.
 
Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрынан 29-сентябрына чейин аталган тилкеде 3 экскаватор, 11 техникалык унаалардын бирдиги иштешип, 3 380 куб. м. жер массасы чыгарылды. Чыгарылган жер массасы “Ак-Босого”, “Көлмө”, “Щербаков” конушундагы жолдорго төшөлдү.
 
Тазалоо иштерине “Бишкексууканал”, “Госэкотехинспекция” жана №14-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жамааттары активдүү катышты.
 
Тазалоо иштери Бишкек шаарынын мэриясынын “Ала-Арча” суусунун нугун механизациялык тазалоо иштерин жүргүзүү жөнүндө” токтомуна ылайык аткарылды.